Бизде эл аралык стандартка дал келген адистер даярдалат
Ош медициналык колледжи медицинаны жанындай сʏйгɵн, окуу предметтеринин мыкты ɵздɵштʏргɵн келечекте калктын саламаттыгынын сакчылыгы ʏчʏн кызмат кылсам деген халатындай ак ниеттʏʏ талапкерлерди кабыл алат. Окуу процесстери убакыт ɵткɵн сайын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып барылууда. 2010-жылдан баштап жаңы окуу пландары жана программаларынын негизинде окуу жʏргʏзʏлɵт. Алар бʏгʏнкʏ замандын талабына толук жооп берет. Мурда келечектеги медициналык адистерди окутуу, ооруну айыктырууга багытталат эле, азыркы талап оорулууну айыктырууга жана оорунун алдын алуу жолдорун кɵрсɵтʏʏгɵ багытталып жатат. Ага ылайык, окуу процесстери да жаңы предметтер менен улам толукталууда. Кɵбʏнесе адистиктерди окутуп ʏйрɵтʏʏдɵ мээримдʏʏлʏккɵ басым жасалат. Yй-бʏлɵнʏн психологиясын окуп ʏйрɵнʏʏнʏн талаптары коюлат. Анткени буга чейин оорулуулар ооруканага келишсе, азыр ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер ʏйгɵ барышат, ден соолуктарынан кабар алып, кеңеш беришет. Оорунун келип чыгуу себептерин иликтешет. Окуу жайда ушул багыттагы да предметтер окутулат. Биздин билим алган жаңы типтеги мээрбан эжелер дарылоо ишин эле эмес, бейтапка биринчи жардамды кɵрсɵтɵ билʏʏнʏн ар тараптуу жолдорун ɵздɵштʏрʏʏлɵрʏ тийиш.
Орто медициналык кызматкерлерди даярдаган окуу жайы катары Ош медициналык колледжинин аброю, билим берʏʏ денгээли,сапаттык салмагы чон. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ɵткɵрʏлгɵн 2005 жана 2012-жылы «Медициналык билим берʏʏ уюмдары арасында эң мыкты жамаат» конкурсунун жеңʏʏчʏcʏ.
Ош медициналык колледжинин директору:
Халмурзаев Марат Мирполотович
Тарыхы
Ош медициналык колледжи Оштогу мээримдʏʏ мээрбан эжелерди даярдаган терең тарыхы бай окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Ош чɵлкɵмʏндɵ мээрбан эжелерди даярдоо иши 1937-жылдардан башталат. Ал кездери мээрбан эжелерди даярдоонун алгачкы курстары уюштурулган. 1938-жылы анын негизинде мээрбан эжелерди даярдоонун 2 жылдык мектеби ачылган. Ошондон кийин кɵп ɵтпɵй калкты медициналык жактан тейлɵɵдɵ муктаждыктар эске алынып, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Майлуу-Суу шаарларында калкты медициналык жактан тейлеген мээрбан эжелер даярдала баштады. Ал эми ордолуу Ош шаарында 1980-жылдын 1-октябрында Жалал-Абад медициналык окуу жайынын филиалы болуп ачылды. Кийинки жылдардан филиал кеңейтилип, мээрбан эжелер эле эмес, акушер, фельдшер, фармацевт, лаборант адистери да даярдала баштаган. Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министирлигинин 15.05.92 ж.№145-буйругунун негизинде филиал 1992-жылы ɵзʏнчɵ Ош медициналык училищеси болуп тʏзʏлдʏ. Мына ошондон бери Ош медициналык окуу жайында мээрбан эже иши, акушер иши, медициналык алдын алуу иши, дарылоо иши, лабораториялык аныктоо, фармация адистиктери боюнча медициналык кадрлар даярдалып келʏʏдɵ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 6000ден ашуун орто медицина кызматкерлери даярдалып элге кызмат кылууда.